Menu

Прокурор судьядан Кубанычбек Кулматовду 15 жылга, Албек Ибраимовду 20 жылга соттоону суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, анын мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга, Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну судьядан суранды. Соттук тыныгуудан кийин, айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Бүгүн өкүм чыгышы күтүлүүдө…

Эске сала кетсек, Кубанымбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: