Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту бүгүн, 31-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кечээ, 30-декабрда, түшкү саат 12:08де Оштун очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталган. Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында үч баллга чейин жер титирөө сезилген. Эч ким жабыркаган жок. Кыйроо болгон жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ