Menu

Видео – Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Чор таман, “мырк” айылдык балдар болбосо, Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болмок эмес”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда, “Белгилүү маршрут” акциясы Бишкектеги Кыргыз драма театрынан башталып, ал жолун улантууда. Ал жерге ак элечекчен апалар, белгилүү укук коргоочулар жана активист жарандар келишти.

Аталган акцияга келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева алгач ак элечекчен апаларга таазим кылып жүгүнүп, элечек кийбегенинин себебин түшүндүрүп берди. Андан кийин Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүнө нааразычылыгын билдирди. Анда ал: “Мен чор таман, айылдык, кара кыргыздын кызымын. Ошондой эле Роза эжебиз айткан айылдык, “мырк” балдар Ак үйдүн алдында томолонуп, канга боелуп, бийликти алып бербесе, ал өткөөл мезгилдин президенти болмок эмес. “Экс-президент” деген макам мыйзамда жок, ошондуктан Роза эжебиз ал макамды жана жетим балдарга кетчү бюджеттен алып жаткан акчасын кайрып берсин“,-деди.

Эске сала кетсек, 3-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачарынын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде болуп өткөн. Ага экс-президент Роза Отунбаева барып, сүйлөгөн. Андагы сүйлөгөн сөзү төмөндө:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Дал ошол күнү жат көрүнүштөргө каршы акцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп, аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Анын эртеси, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: