Үй камагындагы блогер Афтандил Жоробеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда блогердин карындашы Чынара Темирова “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, А.Жоробеков бүгүн, 9-декабрда, саат 16:00дө күбө катары суракка чакырылган. Азырынча кайсы иш боюнча чакырылганы белгисиз.
Эске сала кетсек, УКМК «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору, блогер Афтандил Жоробековду 24-ноябрда кармап, камакка алган. 5-декабрда Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин үй камагына бошоткон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ