Menu

Брюссельде Кыргызстандын жаратылышынын уникалдуулугу жана экологиялык дипломатияны мындан ары илгерилетүү маанилүүлүгү белгиленди

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-декабрь күнү Брюссельде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча Атайын Өкүлү, Элчи Петер Буриан тарткан сүрөттөрдүн «Памирге экспедиция – 2019» деп аталган көргөзмөсүн ачты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилигинде уюштурулган иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Европа Бирлигинин жогорку өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн киришүү сөзүндө Министр Ч.Айдарбеков экологиялык дипломатияны илгерилетүүнүн, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн козгоду жана климат боюнча ратификацияланган Париж макулдашуусунун алкагында КР Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Кыргыз тарабынан ЮНЕСКО чокусуна биргелешкен чыгууну уюштуруу иши сунушталды.

Өзүнүн жооп иретиндеги куттуктоо сөзүндө Элчи П.Буриан кыргыз тарабына көргөзмөнү өткөрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, Кыргызстандын жаратылышынын уникалдуулугун жана экологиялык дипломатияны мындан ары илгерилетүүнүн жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туристтик дараметин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: