Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Салянованын лицензия берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин соту болот. Бүгүнкү сотто жаңы ачылган жагдайлар каралат. Салянованын туугандарынын айтымында, бүгүн чечим чыгышы ыктымал.
Эске сала кетсек, 2010-жылы Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда, ага «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Салянованын бөгөт чарасын (2017-жылы) Ленин райондук соту карап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Абактагы жаза мөөнөтүн ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Райондук чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Аида Салянова мындай чечимди четке кагып, эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ