Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, “Бишкек-Торугат унаа жолунда бир топ адам согушуп жатат”,- деген билдирүү 7-декабрда милицияга келип түшкөн. Ш.У. аттуу адам милицияга кайрылып, төрт кишиге карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, түнкү саат 01:00дө белгисиз бирөөлөр машинасы менен анын машинасын кысып, сүрүп, жол жээгине чыгарып салышкан. Алар айдоочуну сабап, травматикалык тапанчасын, документтерин жана машинасынын ачкычын алып кетишкен. Ш.У.га карата тиги тарап да (23 жаштагы А.С., Ш.Ж., А.Н жана 22 жаштагы А.А.) милицияга арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, Ш.У. жүргүнчүлөр менен аларды сабап салышкан. Бул факт боюнча териштирүү жүрүп, жыйынтыгында, төрт бала күнөөлүү болуп кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ