Бишкекте түнү болгон атышууга шектелип эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда журналисттерге ИИМ министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Кол салгандар Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун 24 жаштагы эки тургуну. Алардын жанында “Макаров” үлгүсүндөгү курал болгон. Бул факты КР Жазык кодексинин 39-130-беренесине («Адам өмүрүнө кол салуу») ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
Эске салсак, кечээ, 9-декабрда Бишкектин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылып, төрт машина жабыркаганы айтылган. ИИМдин маалыматына караганда, аталган көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр Toyota Avensis үлгүсүндөгү машинаны аткылап кетишкен. Жабыркагандар алардын артынан кууп, бир нече жолу жол эрежелерин бузуп, жол кырсыгына кабылышкан. Алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ