Menu

22 килограмм алтындын тагдыры эмне болгон?

Бөлүшүү:

Өткөн аптада депутаттар күч түзүмдөрүнүн өпкөсүн жакшы эле үзүштү. Колдорунан келишинче эки сөздүн башын кошо албаган, тантырап жооп бере албагандарды сүзүштү. Суроону түптүз бергендер болду, эптеп бергендер болду. Ошол түз суроолордун ичинен бири социалдык тармактарда аябай резонанс жаратты. Ал 2017-жылы “Манас” аэропортунан контрабанда катары кармалган 22 килограмм алтын эле. Аны алып чыгып кетип бараткан жаран бүгүнкү күндө каякта? Ал жаран кандай жагдай аркылуу УКМКдан чыгарылган? Көрсө, ошол кезде УКМКнын орун басары кызматын аркалап турган, Атамбаевдин бир кездеги жансакчысы Болот Сүйүнбаев ал жаранды чыгарып кетиптир. Ошол бойдон жок. Эки жыл өткөн соң, оор уйкудан ойгонгон УКМК издөө жарыялап жатат. Бул не деген абсурд? Болот Сүйүнбаев ким эле ал жаранды чыгарып кеткендей? Чакыргыла жооп берсин. Конторасынан далил акчалар уурдалып жатса. Ага чейин контрабандистти орун басары чыгарып кетип атса. УКМК уйкудан качан ойгонот?

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: