Menu

“Бишкек – Новосибирск” поезд каттамы ачылды

Бөлүшүү:

Бишкек – Новосибирск поезд каттамы ачылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы басма сөз кызматы билдирди.

Эми Кыргызстандын эмгек мигранттары Бишкек шаарынан Новосибирск шаарына чейин түз поезд менен бара алышат. Ошондой эле Новосибирск шаарынан кайра Бишкек шаарына чейин келсе болот.

8-декабрдан тартып №385/386 “Бишкек – Новосибирск”, “Новосибирск – Бишкек” поезд катамы иштей баштады.
Эске салсак, Новосибирск шаары Россиянын чоң шаарларынын ичинен 3-орунду ээлеп турат. Эң ири темир жол байланышы бар шаар болуп эсептелет.

Россиянын баардык шаарларына поезд каттамдары иштейт. Демек, андан ары каалаган шаарга Россия темир жолунун поездери менен жетип алууга болот. Мындан тышкары Новосибирск шаарында эң ири Кыргыз диаспорасы бар.Ошондой эле Сибирь аймагын камсыз кылган ири кийим-кече базары жайгашкан.

Мына ушул жагдайларды эске алуу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги “Россия темир жолу” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд катамын ачууга жетишип олтурат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: