Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров билдирди. “Экинчи ТЭЦ газ менен иштөөгө ылайыкталгандыктан ал жердеги элди көчүрүү муктаждыгы болбойт” – дейт ал. Эгер газдан башка отун колдонулса кишилерди көчүрүүгө туура келмек. Ал Бишкек чоңоюп, жаңы үйлөр курулуп жатканын жана алардын бардыгына жылуулук керектигин кошумчалады. Бул ишти бүткөрүүгө өкмөт башы өзү киришип жатканын айтып, жаңы курула турган ТЭЦ экологияны булгабашы үчүн газ менен иштээрин жана ага болжол менен 200 миллион доллар кетип, кубаттуулугу 300 мегаватт болоорун да айтты. Учурда инвестор издеп жатканы да маалым болду. Албетте, ал мекеме газ менен иштесе гана элдер көчүрүлбөсүн айтты. Бирок газдан башка отун колдонулса кишилерди көчүрүүгө туура келиши ыктымалдыгын да эскертти.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ