Menu

Видео – Бишкекте болгон ок атышууга шектелип эки жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-декабрь күнү болжол менен саат 19:35 чамасында Бишкек шаарынын Гагарин-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар кара түстөгү такталбаган автоунаа менен «Тойота-Авенсис» автоунаасынын ичиндеги үч жаранды бир нече жолу аткылап, батыш тарапка качып кетишкен. Андан соң «Тойота-Авенсис» автоунаасынын ичиндеги жарандар, белгисиз автоунаанын артынан түшүп, бир нече жолу жол эрежелерин бузушуп жыйынтыгында жол кырсыгына учурашкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Аталган факт, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130 (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Окуя болгон жерден “Макаров” үлгүсүндөгү пистолеттин 6 даана гильзасы табылып алынган.

Мындан тышкары автоунаа изилденип, жабырлануучулардын кийим кечеси табылган. Бишкек шаарынын 4-шаардык ооруканасына жабырлануучулар жеткирилген. Коопсуз шаардын алкагында окуя болгон жердин видео көзөмөл камералары изилденип, жыйынтыгында бул оор кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөткөн.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек ШИИББнин ыкчам кызматкерлери менен бирдикте өзгөчө оор кылмыштын бетин ачылып, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 1995-жылы туулган Т.уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар кармалган.

Алардан “Макаров” үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн пистолети патронсуз алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу менен кармалгандардын ортосунда бир жарым жылдан бери келишпестик мамилелер болгондугу аныкталган жана алардын баардыгы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун
жарандары болгондугу аныкталды.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: