Кыргызстандагы телеканалдарда оператор, алып баруучу, башкы редактор болуп иштеп, Орусияга кеткен Мырза Добутов Смоленскидеги жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда маркумдун туугандары билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсыгы 7-декабрда Смоленск облусундагы жолдо болгон. 1970-жылы туулган Мырза Добутов Тула шаарын көздөй машина менен бара жатып, кырсыкка кабылган. «Мырза Добутов үй-бүлөсү менен Смоленск облусунда жашачу. Тула шаарында иштеп, ишкерлик менен алектенчү. “КИА Рио” үлгүсүндөгү машинасы менен үйүнөн Тулага иштегени жол тарткан. Алдындагы машина ашып өтүүгө аракет кылганда оң тарабындагы машинага урунуп, карама-каршы тилкеде келе жаткан оор жүк ташуучу машина менен кагышкан. Тез жардам келгенче жан берген. Маркумдун артында үч уул, бир кыз калды“,-дейт туугандары.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ