Menu

Адыл Жунус уулу, ЖКнын депутаты: “Кыргызстанда жеке бизнес ачууга мүмкүнчүлүктөр өтө көп”

Бөлүшүү:

Башканын эмес, өзүңдүн жаратылышыңа суктана билишиң керерк.

Кытайдын Шинжан аймагындагы тоолору Швейцарияныкындай өтө кооз Кулжа деген айылында туулгам. Мындай кооз тоолорду мен Кыргызстанга алгач келгенде да көрүп суктангам. Көрсө башканын эмес, өзүңдүн кооз жаратылышыңа суктана билишиң керек экен. Менин балалык чагым Кулжада өттү. Мектепти ушул айылда бүтүрүп, Шинжан университетинин география факультетине өткөм. Мен алты бир туугандын эң улуусумун. Ата-энем экөө тең мусалим болуп иштеп жүрүшүп пенсияга чыгышты. Атам 80 жашка, апам 76 жашка чыгышты. Атам профессор. Ал агартуу тармагында пенсияга чыкканча институтта иштеди. Алгач окутуучу, андан кийин институттун директору болуп 25 жыл кызмат кылды. Атам «Ала Тоонун көз жашы» деген үркүн темасында китеп жазып, 2016-жылы Улуттук китепканада ачылышын өткөргөнбүз. Апам да билим берүү тармагында иштеп, бул кесипти сүйүп, өмүрүн арнады.

Мекенчилик тууралуу сөз болгондо көп кишини артка калтырам

Биз кичине кезибизде эле атам «биз Кыргызстандан келгенбиз, биз Кыргызстандын Ысык-Көлүнөн болобуз. Тоң деген кичи мекенибиз» деп көп айтат эле. Ал кезде биз Кыргызстан жөнүндө билчү эмеспиз. Жалпылап эле Совет өлкөсү деп койчубуз. Бизди ушинтип окуткан. Кийин гана география факультетине тапшырып, окуп калганда Кыргызстан жөнүндө билгем. Атамдын “менин бир балам жок дегенде Кыргызстанга барып жашаса”, деген тилеги бар эле ошол тилегин мен аткарып, 1991-жылы май айында Кыргызстанга көчүп келгем. Ал кезде эгемендүүлүктү ала элек болчубуз. Мындан 19 жыл мурун Кыргызстандын атуулдугун алып, 28 жылдан бери жашап келе жатам. Мен азыр Кыргызстанга келгениме сүйүнүп, ата тегим жашаган жерде жашап жатканыма сыймыктанып, сүйүнүп жашайм. Сенин эки ата мекенин бар деп мага бардыгы суктанат. Мекенчилдик тууралуу сөз болгондо көп кишини артка калтырам деп өзүмө ишенем. Анткени, мен эки мекенимди тең сүйөм.

Каражаттын тартыштыгы бизнес баштоого түрткү болду

Мен табият жөнүндө кенен билимге ээ болгом. Беш жыл ичиндеги жогорку окуутжайда алган билимим мени ого бетер жер шаарын сүйүүгө үйрөтүп койгон. Мен географиялык илимин кичинемден жактырдым. Бул балгытта илимий ачылыштарды кылгым келчү. Бирок атам илимдердин падышасы математика деп мени так илимдер жагына алып барып тапшыртып койгон. Бирок каалоо болбогондуктан окшойт бир жыл окугандан кийин атама айтпай география факультетине которулуп алгам. Мен алгач Кытай Илимдер академиясынын география бөлүмүндө иштегем. Ал жакта тандап мыкты окугандарды гана алчу. Кытайлар менен тең тайлашып иштеген жалгыз кыргыз мен болчумун. Кыргыздар оңой менен академияга жумушка кире алчу эмес. Кытайдагы илимий журналдарга илимий макалаларым чыгып турду. Кыргызстанга келгенде БГУда Эл аралык факультетинде кытай тилинен сабак берип иштеп калдым. Бирок айлык акынын тартыштыгы жеке ишкерликке өтүүгө мажбур кылып, бизнес тармагына өтүп кеткем. 2015-жылы Кудайдын буйругу менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келдим. Саясатка келгенден кийин мамлекетке бир тамчы болсо дагы керегим тийсин деп Кытай тараптан инвестиция тартып, аракетимди жумшап иштеп жатам.

Кыргыз үй-бүлөсү чоң болушу керек экенин кеч түшүндүм

Менин үч уулум бар. Үчөө тең Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп лицейде окуп бүтүшкөн. Эки уулум Пекин университетинде жогорку билимге ээ болушуп, Бишкекте эмгектенип жатышат. Ал эми кичүү уулум Испанияда окуп жатат. Келинчегим эки уулум жана мен Кытай тилин билебиз. Кичүү уулум Кытай тилин үйрөнгөн жок. Мен эгер кайра бардыгын башынан башташ керек болсо көп балалуу болмокмун. Балдардын көп болгону жакшы экенине жаш кезибизде билген эмес экенбиз. Кыргыз үй-бүлөсү чоң болушу керек экенин кеч түшүндүм.

Менде шарт болсо айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачмакмын

Кыргызстанда көп иштерди кылса болот. Мүмкүнчүлүк бизде көп. Биздин өлкөгө миндеген заводдорду курууга болот. Өткөндө өкмөттүн отчетун угуп жатып картошканын өтпөй, чирип калганын угуп, дароо Кытайдагы тааныштардан су-ралуу инвесторлор менен сүйлөшүп жатам. Бул ишке ашып калса экен деп Кудайдан тиленип жаткан учурум. Ал эми биздин мамлекетте жеке бизнес ачууда да мүмкүнчүлүктөр көп. Албетте, ишке ашыруу үчүн айрым учурда каражат жетпей калат. Кээде каалоонун бышып жетилбегени тоскоолдук кылышы мүмкүн. Менде азыр шарт болсо айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачмакмын. Ушу тууралуу көп ойлоном. Кытайдын премьер министри мындан эки жыл мурун Кыргызстанга келип, силердин айыл чарба продукциясыяларыңарга кызыгабыз, таза деп суктанып кеткен эле. Ошондон кийин мен Жогорку Кеңеште бул багытта ойлонолу деп айтып чыккам. Мен Кытайды жакшы билем. Эгер таза продукция болсо 1 кг сабизди ал жакта 100 сомдон кем эмес сатууга болот. Ушул нерселерди ишке ашыра албай жүрөм. Буюрса акырындап тилегим орундалып калат деп үмүт кылам.

Чыдаган адам ийгиликке жетет

Биз Кытайдан жаңы келгенде кийим кечек алып келип сатып жүрдүк. Спорттук кийимдер да жакшы өтүп жүрдү. Бизнестин бардык түрүнүн казанында кайнадым. Ар биринин бирден баш оорусу болот. Эч бир баш оорусу жок, жолго коюлуп кеткен бир да иш болбойт болсо керек. Чыгымы да болуп калышы мүмкүн. Бирок ошого чыдаш гана керек. Ошондо ийгилик жаралат.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: