Menu

Кыргызстан менен Бельгия Королдугунун ортосундагы укуктук кызматташтык маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-декабрь күнү Брюссель шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Бельгия Королдугунун Федералдык прокурору (Башкы прокурору) Фредерик Ван Лев менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Бельгия Королдугунун ортосундагы укуктук кызматташтык маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелерди талкуулашты.

Министр Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы сот адилеттиги чөйрөсүндөгү учурдагы реформалар, ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясы жөнүндө Бельгиянын Федералдык прокурорун маалымдады. Тараптар өлкөлөр ортосунда укуктук кызматташтыкты илгерилетүүнү, акча адалдоого, терроризмге жана наркотрафикти мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууну макулдашты.
Бельгиянын Федералдык прокурору Ф. Ван Лев жогоруда айтылган багыттар боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу өзүнүн маалыматы менен бөлүштү жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Бельгиянын Федералдык прокуратурасы – юрисдикциясы Бельгиянын бардык территориясын камтый турган мамлекеттик орган болуп саналат. Бул орган жергиликтүү прокурорлордун юрисдикциясынын чегинен ашкан адамдарды сатуу, терроризм, уюшкан кылмыштуулук жана акча адалдоо сыяктуу кылмыштарга каршы кыйла эффективдүү аракеттерди көрүү үчүн түзүлгөн. Федералдык прокуратура ошондой эле эл аралык гуманитардык укуктун олуттуу бузулушу үчүн дагы жоопкерчиликти алат. Мындан тышкары, Федералдык прокурордун кеңсеси эл аралык кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча функцияларды дагы жүзөгө ашырат.
Федералдык прокуратура федералдык прокурор башында турган федералдык магистраттардан турат жана Брюссельде жайгашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: