Сокулук РИИБдин жетекчиси Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгынан жабыркагандардын бири ооруканада көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бустун ичиндеги жабыркагандардын бири Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилген. Ал эми милиционер Максат Чойбеков дарыгерлерге көрүнгөндөн кийин, үйүнө кеткен. Жабырлануучулардын бири алган жаракатынан улам кечээ, 9-декабрда, саат 11:00дө көз жумган.
Эске сала кетсек, 7-декабрда, болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 18-чакырымында эки машина кагышкан. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина милициянын полковниги Максат Чойбековго таандык болгон. Кырсыктын кесепетинен кичиавтобустун айдоочусу жаракат алып, Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. Чойбековдун мас абалында болгон-болбогону боюнча экспетизадан өтүүдөн баш тартып койгон. Аны Ысык-Ата районунун тергөө органдары иликтээрин билдиришкен. Иш объективдүү каралышы үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген. Кечээ, 9-декабрда, Чойбеков кызматынан четтетилгени кабарланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ