Кыргызстандын жасалма паспорту менен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кечээ, 9-декабрда Кыргызстанга учуп келген Өзбекстандык жаран «Манас-аэропорт» көзөмөл өткөрмө жайында Кыргызстандын жасалма паспорту (2004-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта) менен кармалган. 22 жаштагы Т.Н. аттуу өзбекстандык жаран 22 жаштагы Х.А. аттуу кыргыз жаранына таандык паспортту көрсөткөн. Шек жаралган документке текшерүү жүргүзүлгөндө, ал жасалма болуп чыккан.
Эске сала кетсек, Германияда киши өлтүрүүгө шектелген адамдын паспорту Кыргызстандан берилгенин чет өлкөлүк ММКлар 8-декабрда жазып чыгышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ