Menu

Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады

Бөлүшүү:

C-130 Hercules учагы.

Чилиде C-130 Hercules үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук учак кыйроого учурады. Бул тууралуу 10-декабрда ВВСнин чили кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Чилинин Антарктидадагы базасына бараткан учактын ичинде экипаждын 17 мүчөсү жана 21 жүргүнчүсү болгон. Ал Пунта-Аренас шаарынан асманга көтөрүлгөндөн бир саат он беш мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган.

Диспетчерлер жети саат бою экипаж мүчөлөрү менен байланышууга аракет кылышкан. Бирок тажрыйбалуу учкуч башкарып бараткан учактан эч кандай SOS-сигналдар келген эмес.

Учурда аскер кызматкерлери менен куткаруучулар учак менен байланыш үзүлгөн аймакта издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: