Menu

Аида Салянованын сотуна кимдер барды?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралууда. Соттук отурумга Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Медеткан Шеримкулов, Эмил Каптагаев, Асия Сасыкбаева, Алмамбет Шыкмаматов катышууда. Бүгүн бул сотко чекит коюлушу ыктымал экенин туугандары буга чейин айтышкан.
Эске сала кетсек, 2010-жылы Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турганда, ага «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Салянованын бөгөт чарасын (2017-жылы) Ленин райондук соту карап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Абактагы жаза мөөнөтүн ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Райондук чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Аида Салянова мындай чечимди четке кагып, эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: