Menu

Кашкардын кашаң жүрүшү

Бөлүшүү:

Кашкар Жунушалиев министр болуп келгени артынан жакшы сөз ээрчиген жок. Тескерисинче ИИМ кызматкерлеринин бетине көө жабылды. Министрдин ишке болгон жөндөмүнүн жоктугунанбы же кызматкерлердин профессионал эместигиненби, айтор жасаган иштери боюнча жакшы пикир айтьша элек. Же башчысы кандай болсо, курам ошондой болобу?

Өткөн аптада ИИМ министри Кашкар Жунушалиев орун басары Мирлан Каниметов менен Жогорку Кеңешке келишти. Депутаттар берген суроолоруна тиешелүү жоопту алыша албай, же министрдин кулагы жакшы укпай, айтор жакшы көрүнүш болгон жок. Министр 23-октябрдагы аэропорттогу адам өлтүрүү боюнча маалымат берип, кылмыш шектүү эки адам кармалгандыгын, алардан 180 миң доллар акча каражаты алынгандыгын, дагы эки адам издөөдө экендигин кабарлады. Эске
сала кетсек буга чейин ал өлтүрүлгөн адам акча ташыган курьер экендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок, ИИМ ошол замат маалыматты башка нукка буруу максатында “андай эмес, ал таксист болуп иштейт, жанында 10 миң доллар болгон, бирок ал жанында болгон эмес” дегени эсибизде. Көп өтпөй эле 21-ноябрда ИИМ орун басары Каниметов бул иш боюнча башкача бакылдады. Анда ал өлтүрүлгөн адам таксист эмес, акча ташып иштеген адам экендиги тастыкталгандыгы айтты. Андан тышкары кылмышка шектүү деп эки киши кармалганын жана алардын жашаган жерин тинтүүдө 100 миң доллар алынганын кабарлаган. Жакшы көрүнүш табылган акча 10 миңден 100 миң долларга көтөрүлдү. Эми болсо министр өз оозу менен кылмышка шектүүлөрдөн 180 миң доллар алынганын балп этти. Суроо туулат, кимисине ишенебиз? Алгачкы таксист, жанында 10 миң доллар болгон деген маалыматкабы же Каниметовдун 100 миң долларынабы же министр Кашкар Астакановичтин 180 миң долларынабы? 100 миң доллар деп Каниметов калп айттыбы? 80 миң доллар кайдан кошулду?

Депутаттар менен суроо-жооп алышууда министр өзүн бир башкача алып отурду. Түз суроого буйтактап жооп бербей, кылмышкер боюнча маалымат берүүдө аэропорттун ичи бизге карабайт, биз сыртына жооп беребиз дегенди билдирди. Анда ИИМдин “линейный” бөлүмү каякты карайт? Ал аз келгенсип “Азыр бизде коррупция, контрабанда, экономикалык жана кызматтык кылмыштар жок” деп эмнени айткысы келди? Кыскасы Кашкар мырза картайдыбы же суроодон качтыбы?

Министр Жунушалиев өзү катышып, ийгиликсиз болгон иштер:

1. Ороктогу улут аралык жаңжалда 1500 кызматкер менен барып, 150 жаш балдарга туруштук бере албай койгон.

2. Солтон-Сары кениндеги ызы-чуу болгондо барып, түнү менен Кочкордон ары өтө албай, жолдо калышканы чынбы? Министр башы менен барып алгылыктуу иш кыла албай, ИИМдин имиджине шек келтиргени жалганбы? Инвесторлорду коргой албай, инвесторлорду качырды.

Кыскасы санай берсе толтура. Алсак Баткенге орун басары Орозалиев менен барганда элге ок чыгарып бир сөзгө калган. Ага чейин Петровка окуясы, Ысык-Көлдөгү Садыр Жапаровдун тарапташтары менен болгон кагылышуу. Баардыгы ийгиликтүү болгон десек жаңылышабыз. Депутат Момбеков айтмакчы министр чал болдубу же чарчадыбы, айтор акыбалы анчейин эмес.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: