Чүйдө чет элдик жаранды тоногон шектүүлөр кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 5-декабрда, түнкү саат 1:40 чамасында чет өлкөлүк жаран тонолгону тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция барып, 49 жаштагы чет өлкөлүк тонолгон жабырлануучудан арыз алышкан. Анын айтымында, түнкүсүн үйүнө бейтааныш адамдар кирип барып, аны коркутуп, 70 миң сомдон ашык акчасын алып, эшик алдындагы машинасын айдап кетишкен.
Аталган факт Жазыктар кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип үчөө: 33, 24 жаштагы эки бала жана 31 жаштагы кыз кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ