Menu

Видео – Санкт-Петербургдагы жардыруу боюнча сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Аброр Азимов.

Орусияда метродогу жардыруу үчүн айыпталган теги кыргызстандык жана өзбекстандык он бир адамга карата сот өкүмү чыкты.

10-декабрда Экинчи батыш округдук аскер соту чыгарган өкүмгө ылайык, 29 жаштагы Аброр Азимов өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилди. Сот аны теракттын негизги уюштуруучусу деп тапты.

Анын агасы, 31 жаштагы Акрам Азимов 28 жылга эркинен ажыратылды.

Калгандарына 19 жылдан 28 жылга чейинки абак мөөнөтү чегерилди.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгону, андан 15 киши каза таап, элүүдөй киши жабыркаганы кабарланган. Бир да террордук уюм бул калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Орусиянын ФСБ кызматы «терактты мурда Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны, 22 жаштагы жан кечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталды» деп жарыялаган. Ал эми аны уюштурууга катышы бар киши катары Акбар жана Аброр Азимовдор камакка алынган. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан бул ага-инилер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: