Menu

Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат

Бөлүшүү:

Өкүлдөр палатасындагы Демократиялык фракциянын жетекчилиги Дональд Трампка эки айыптоо менен импичмент жарыялоону көздөп жатканын билдирди. Бул – кызмат абалын кыянат пайдалануу жана ишмердүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратуу.

Бул тууралуу шейшембиде Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси билдирди.

Аталган айыптоолор импичмент беренелерин түзүп, ушул аптада Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинде добуш берүүгө коюлат. Эгер импичмент беренеси комитетте колдоо тапса, аны Өкүлдөр палатасынын жалпы кароосуна алып чыгышат. Комитетте жана палатада демократтар көптүк кылат, мындан улам Трампка импичмент жарыяланары күтүлүүдө.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

Импичмент тууралуу акыркы чечимди ушул тушта республикачылар басымдуулдук кылган Сенат кабыл алат. Буга байланыштуу Трампты кызматтан кетирүү ыктымалдуулугу өтө төмөн экени белгиленүүдө.

АКШда бир дагы президент импичменттен кийин кызматынан четтетилген эмес.

Өкүлдөр палатасы 1974-жылы Ричард Никсонго каршы импичмент жарыялаган. Бирок ал иш Сенатта каралганга чейин эле кызматтан кеткен.

Ричард Никсон – АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: