“”Кумтөр” алтын кенин казуудан пайда болгон жер көчкү суткасына 2-3 метр жылып турат экен. Анан ошону билип туруп, эмнеге “Кумтөрдүн” жетекчилиги жумушчуларды түнкү сменге алып барып иштетишкен? Бул жерде техникалык коопсуздук бузулган. 12 миллион куб метр жер көчкү түшүптүр. Бул деген бир тоо жылыптыр деген эле сөз”, – деп билдирди бүгүн, 11-декабрда парламенттин отурумунда депутат Максат Сабыров.
“Андай жер көчкү дагы түшөт деп жатышат. Техникалык коопсуздук сакталбай жатат. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүп, муну текшериш керек” – деди Максат Сабиров.
Эсиңиздерге сала кетсек, 1-декабрда таңкы саат 05:23тө Кумтөрдө иштеп жатышкан жумушчулардын үстүнө жер көчкү түшүп басып калып, алигиче 2 адам табыла элек.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ