Menu

Аферисттердин акчасына жалданган жазмакерлердин “беш өрдөгү”

Бөлүшүү:

Жалпы электр энергияларын чыгаруучу кубаттуулугу 300 мегаваттык, ал эми жылуулук таркатуу боюнча кубаттуулугу негизинен 1961-жылы курулгандай эле бойдон калган Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы же үчтөн бир бөлүгүнөн да азыраагы модернизациялангандыгы үчүн 386 миллион доллар сарпталды делинип, анын үчтөн бир бөлүгү уурдалгандыгына байланыштуу эл аралык резонанс туудурган соттук кароо боюнча жакында Свердлов райондук соту чечим чыгарып, С.Исаковду, А.Калиевди, С.Авазовду. Ж.Назаровду, Ж.Сатыбалдиевди, Т.Бримкуловду ар кандай мөөнөттөрдө эрктеринен ажыратып, О.Артыкбаев менен О.Лавровага ири өлчөмдөрдө айып пулдар салынды.

Биздин оюбузча, булар адилеттүү эле жазалардан. Уурдалды делген 111 миллион доллар үчүн Кытайдын өзүндө алардын жарымын өлүм жазасына өкүм кылып, калганын өмүр бою эрктеринен ажыратмак. 111 миллион доллар деген 1,5 миллиондой калкы бар Бишкектин бир жылдык бюджетиндей каражат болуп саналат. Мамлекетке, элге анча өлчөмдө зыян келтиришкендер бирөөлөрдүн машинелерин мине качкандардай, же кой, торпок уурдагандардай эле жаза менен кала беришсе, коомдо түшүнбөстүк, нааразылык пайда болмок. Эми бул мөөнөттөрдү да Жогорку Сотко жеткиче азайтып олтуруп, символикалык гана мөөнөткө айландырып салышпаса болду. Анткени, жогоруда айтылган фигуранттарда, эң башкысы алардын артында турган “китте” акча деген аябагандай көп. Тилекке каршы, биздин фемиданын өкүлдөрүндө “пулуң болсо, кулуңмун” дечүлөр чекеден табылат.

Кылымдын аферасын ишке ашыргандардын мамлекеттин, элдин алдында күнөөлөрү абдан чоң. Арменияда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Россияда 250-350 миллион доллардын тегерегиндеги каражаттарга кубаттуулугу Бишкек ЖЭБинен ашкан жапжаңы ЖЭБдерди куруп бүткөрүп, ишке берип салышты.

Тажикстандагы кубаттуулугу 400 мегаваттык Душанбе-2 ЖЭБи 349 миллион долларга курулду. Бишкек ЖЭБ-2ни деле өкмөт 200 миллион долларга курганы жатат. Ал эми бизде 386 миллион долларга ЖЭБдин 3/1 бөлүгүнөн азыраагы гана оңдолду. Анысы да канча мөөнөткө чейин иштейт, бул да өзүнчө маселе. Мында мурдагы бийликтин тушунда бишкектирге эң чоң кыянаттык кылынгандыгын ким деле болсо, көрүп билип турат. Бирок, аны көрүп, билип, түшүнүп туруп, айрымдардын аларды актап, жактап, тим эле күнөөсүз аппак козулардай сүрөттөшүп, ага саясый түс берип, аларды саясый куугунтуктун курмандыгы катарында көрсөтүүгө жан далбастап жатышкандары чындыгында өкүндүрөт. Алардын жакындарын түшүнсө болот, бир да ата-эне баласы адам өлтүрсө да түрмөгө түшүүсүн каалабайт. Бирок, аларга эч кандай жакындыктары жок айрым ЖМКлардын, серепчи, саресепчи, эксперт сөрөйлөрдүн анткендери кейиштүү ойлорду пайда кылбай койбойт. Алардын АШАнын, анын түрмөдө жаткан жана сыртта жүргөн санаалаштарынын төлөнгөн акчаларын актаганга аракет кылып жатышкандары, чындыгында алардын айрымдары АШАны көргүсү түгүл анын атын уккусу да келбей тургандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бирок, жакшылап акысы төлөнсө, эмне үчүн аларга АШАны жактамыш, актамыш болуп койгонго болбосун. Ал эми АШАда акча аябай эле көп. Эгерде Бишкек ЖЭБинен, Датка-Кеминден арттыргандарынын жүздөн бирин бөлүп койсо деле, 10 ЖМК, он беш серепчи себетчилери менен кошо бери дегенде беш жыл сайрап турганга мүмкүнчүлүк алат. Бирок, анын кимге кереги бар? АШАгабы же анын абактардагы санаалаштарынабы? Албетте, анын эч кимисине деле реалдуу пайдасы тийбейт, элди гана кыжырлантат, бирок, тилекке каршы, АША убагында жалпы элдин болбосо да айрым аймактарда жашагандарды маскаралап, алардын кыжырларын келтирмейинче тура алчу эмес. Антпесе саясый тонусу түшүп кетчү. Ал азыр өзү абакта жатса да элдин кыжырларын келтирип тургусу келип жатат окшойт.

АША бийликте турганда коррупционерлер жөнүндө “айрымдарда ыйман жок, уурдап жаткан жеринен колунан кармап алсаң да бул кол меники эмес деп танып кетет” дей турган. Көрсө, ал өзү жөнүндө айткан экен. Өзү уурдагандарын да, “Кой-Таш Республикасында” жасагандарын да, атүгүл “булар мага тийиштүү эмес” деп мыйзамдарды, легитимдүү чечимдерди да танып жатат. Бул өңүттөн алганда укук коргоо органдарынын Кой-Таш окуяларына тийешеси барларды милдеттүү түрдө медициналык психиатриялык экспертизадан өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгы туура болду. Тийштүү органдар, коомчулук медициналык маселелерди саясатка айландырып, кыйналып, жөндөн жөн убаракерчилик тарта бербеши керек. АШАны, дагы эки-үч адамды милдеттүү медициналык экспертизадан өткөрүүнүн зарылчылыгын айрымдар мурда эле айтып, жазып келишкен. Эгерде АШАдан, башкаларынан бир мандем чыкса, алардын эмнеге эле мынчалык долуланып, мыйзамдуулук, тартип менен эсептешпей келгендигинин чыныгы себеби анык болот. Анда аларды абакка жаткырбай эле милдеттүү дарыланууга жиберүү керек.

Аскербек Давлетбаев

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: