Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: “Инвестиция – бул биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасы, жумуш орундар жана салыктар”

Бөлүшүү:

Өлкөгө инвестициянын келиши биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди.

 

«Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борбору жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң болорун белгиледи.

«Бул долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын, ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын достук мамилесинин натыйжасынан улам жүзөгө ашырылууда.  Мындай масштабдуу долбоор тууралуу Советтер Союзу ыдырап жаткан учурда айтылган, бирок азыр турмушка ашып жатат. Бүгүн ишке киргизилип жаткан долбоор – кыргыз эли менен кытай элинин достугунун жана өз ара ишениминин айкын мисалы», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр 2019-жылдын 9 айында ата мекендик продукциянын экспорттук көрсөткүчү 11%га жогорулады, ошол эле учурда импорт 9%га төмөндөгөнүн кошумчалады.

«Муну менен катар калктын социалдык абалы жакшырууда. Мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлдү, медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү күтүлүүлдө. Буга катар эле социалдык объектилер – жолдор, мектептер, ооруканалар курулууда. Экономикадагы мындай алгылыктуу жыйынтыктарга туруктуулуктун негизинде жетиштик. Мунсуз бир дагы инвестор өз каражатын инвестицияга салбайт. Бул ири дүйнөлүк экономикада далилденген рыноктун мыйзамы. Инвестиция – бул биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасы, жумуш орундар жана салык төлөмдөрү экенин түшүнүү керек. Бүгүнкү күндө биздин мамлекетке ишеним жана ата мекендик экономикага салым кошууга даяр экендиктерин көрүп турабыз. Биз бул туруктуулукту сакташыбыз керек», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Маалымдама: «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275  млн АКШ долларына бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: