Ибраим Нуракун уулу: Учурда Президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭ жана Сауд Арабиясына сапарына Батукаевдин иши боюнча үй камагында олтурган депутат Зарылбек Рысалиев эмне себептен кошулду деген суроолор беирилип жатат. РАЖ фракциясы буга кандай жооп берет?
Т.Мамытов: Мындай чечимди фракция кабыл алып, делегациянын курамына З.Рысалиев кошулган. Себеби БАЭ, Сауд Арбия, Катар жана башка бир катар араб өлкөлөрү менен парламенттер аралык кызматташуу боюнча достук тобунда биздин фракциядан З.Рысалиев бар. Андыктан бул жерде таң кала турган эч нерсе жок.
Ибраим Нуракун уулу: Бирок, Азиз Батукаевдин иши тууралуу тергөөдө жүргөн жана үй камагында олтурган депутатты бийик деңгээлдеги, Президенттин деңгээлиндеги сапарга кошууда сиздердин фракцияда кандайдыр бир суроолор пайда болгон жокпу?
Талант Мамытов: Биринчиден депутатты анын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоол боло тургандай же чет өлкөгө чыгууга тыюу салуучу соттун чечими жок. Экинчиден тергөө органдары дагы анын үй камакка чыгаргандыгы жана анын шарттары боюнча фракцияга эч кандай билдирүү же расмий маалымат берген эмес. Депутат өз милдетин аткарып жатат. Буга чейин ал Кытай Эл Республикасындагы ооруканалардын биринде даарыланып келген. Анда да тергөө органдарынан чектөө болгон эмес.
Ибраим Нуракун уулу: Ошондой болсо да үй камагындагы атуулдун ээн эркин жүргөнү туурабы?
Т.Мамытов: З.Рысалиев депутат катары өзүнүн милдеттерин аткарып жатат. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйындарына катышып эле жүргөн. Фракциянын тапшырмасы менен иш сапарга кетти. Дагы бир жолу айтайын жөнөкөй атуул катары анын үй камагында экени жана анын шарттары тууралуу фракцияга тергөөчүлөрдөн расмий билдирүү келген эмес.
Маектешкен Ибраим Нуракун уулу, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ