Menu

Элчи Муктар Жумалиев Франциянын президенти Эмманюэль Макронго ишеним көргөзүү грамотасын тапшырды

Бөлүшүү:

10-декабрь күнү Франциянын Елисей сарайында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муктар Жумалиев ишеним көргөзүү грамотасын Франциянын Президенти Э. Макронго тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бельгиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Тышкы иштер жана Европа боюнча Министр Жан-Ив ле Дриан жана Президенттин дипломатиялык кеңешчиси катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Э.Макрон Кыргызстанды демократиянын өрнөгү деп сыпаттап, эки тараптуу жана регионалдык Борбор Азия-Франция форматында бийик деңгээлдеги кызматташтыкты күчөтүүгө ниетин билдирди.

Элчи М.Жумалиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жылуу калоо-тилектерин жолдоп, бардык тараптагы байланыштарды бекемдөө Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттеринин бири деп белгиледи. М.Жумалиев КРнын Президентинин Францияга боло турган зыяраты тууралуу маалымат берди.

Э.Макрон КРнын Мамлекет башчысына өзүнүн саламын жана калоо-тилектерин айтып, франциялык мамлекеттик органдар Элчинин миссиясын эң мыкты жүзөгө ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр менен көмөк көрсөтөөрүн билдирип, эки мамлекеттин достук мамилесин чыңдоо үчүн ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: