Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык, күч органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери каралбай калышына шарттар түзүлүп атканы айтылууда. Бул жаатта коомчулукта бир топ нааразычылыктар жарала баштады. Кызыгы, адилеттүүлүктү айта турган Жогорку Кеңеште баары бурмаланып, Дастан Жумабеков баш болуп, «шибегени капка катып» атышканы кандай? Көрсө, спикердин ИИМде, күч органдарында жетекчилик кызматта иштеген төрт бир тууганы болгондуктан, караны ак кылып көрсөтүүгө чамынган кербези беле?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ