Menu

Бабановдун иши боюнча Финпол 16 объектини камакка алмакчы

Бөлүшүү:

3-декабрда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (мурдагы Финпол) тергөө судьясына буга чейин «Кыргызстан» банкына таандык болгон мүлктөрдү камакка алуу боюнча сунуш киргизди. Айрым булактардын маалыматына караганда, киши жашабаган имараттарга тинтүү жүргүзүлгөн. Бирок, судья Финполдун сунушун канааттандырганы же канааттандырбаганы белгисиз.

Эске сала кетсек, банктын акционери болуп Өмүрбек Бабановдун эжеси саналат, ага акциялардын 97 пайызы таандык.

9-октябрда каржы полициясына «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААКнын акционери З.Коңурбаевадан арыз түшүп, ал буга чейин банктын уставдык фондусунда болгон негизги каражаттарды сатуу боюнча маалымат бербегендигине байланыштуу банктын жетекчилигине чара көрүүнү суранган. Тергөө 2010-жылы банктын жетекчилери «Азия Истейт» ЖЧКсынын дарегине кыймылсыз мүлктү атайылап төмөнкү баада, 46 миллион сомго саткан деп эсептейт.

Андан соң «Азия Истейт» ал мүлктү чет элдик «Варантон Ресурсес» (Сейшеллы) компаниясына күрөөгө коюп, 169 миллион сом карыз алган. Финпол банк негизги каражаттарын төмөндөтүлгөн баада сатуу менен акционерлерге жана мамлекетке зыян келтирди деп эсептейт. «Азия Истейтгин» пайдасына берилген мүлктөрдүн арасында Чыгыш-5 кичирайонунда, Исанов көчөсүндө, Эркиндик проспектисинде, Кара-Балта, Токмок, Ош, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Нарын, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Талас шаарларында жайгашкан киши жашабаган, административдик имараттар бар.

Белгилей кетсек, өткөн президенттик шайлоодон кийин УКМК Өмүрбек Бабановго карата эки кылмыш ишин козгогон. Финполго да бир топ арыздар түшүп, бирок, каржы полициясы ал арыздардын кайсылары катталганын ачыктай элек. Август жана сентябрь айларында Бабанов бир нече жолу сурак берип кеткен.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: