Menu

Фото – Токтогулда ири көлөмдөгү баңгизат менен 44 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:

Токтогул райнунда ири көлөмдөгү баңгизат менен 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Токтогул РИИБнин Терек-Суу АМБнүн начальниги Б.Султаналиев билдирүү менен кайрылып, Чолпон-Ата айыл аймагынын “У” аттуу тургуну баңгизатын чогултуп жасап жүрөт экен деп билдирген.

Аталган факты ошол эле күнү Токтогул РИИБнин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул иштин изин суутпай ачуу максатында РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырмалар берилип, 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 02:55 чамасында шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Токтогул районунун 1975-ж.т. тургуну М.У. экендиги такталган. Баңгизатын жок кылуу жана бирөөгө берип жиберүүнүн алдын алуу максатында шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү токтому чыгарылган. Анын негизинде сарайдын ичинен жашыл түстөгү, кескин жыты бар, салмагы болжол менен 10 кг. 150 грамм баңгилик зат жана көгүш түстөгү 60 литрлик темир идиштин ичинде, кара түстөгү кескин жыты бар жалпы салмагы 43 кг ашуун суюктук заттар күбөлөрдүн катышуусунда печатталып алынган.

44 жаштагы шектүүнүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: