Menu

Тажикстанда жарандыгы жок 20 миңдей адамга мунапыс берилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын парламенти өлкөдө жарандыгы жок мыйзамсыз жашап жүргөн 20 миңдей адамга мунапыс бере турган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин түрдүү себептер менен жарандык албай жүргөн адамдар өлкөдө туруктуу жашоого укук берген документтерге ээ болушат.

Тажикстанда мыйзамсыз жашап жүргөндөрдүн көбүн 1990-жылдары Ооганстанда бийликти талибдер алгандан кийин качып келгендер түзөт. Мындан тышкары Кыргызстан, Өзбекстандан көчүп барган мурдагы Советтер Союзунун жарандары да бар. Алардын өлкөгө келиши мыйзамсыз деп эсептелинип, жарандык берилбей келет.

Мыйзамга ылайык, бул категориядагы адамдарга беш жылга туруктуу жашоо тууралуу документ берилет. Андан кийин алар жарандык ала алышат.

Маалыматтарга караганда, Тажикстанда жарандыгы жок жашап жүргөн 20 миңге жакын адамдын 65 пайызын аялдар түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: