Menu

Чолпон Жакупова, укук коргоочу: “Генералдарыбызда уят-сыйыт калбаптыр”

Бөлүшүү:

Шейшемби күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралды. Маалымат иретинде доклад окулуп, бирок, суроо-жоопсуз, талкуусуз алдын ала сүйлөшүлгөн тейде маселе жабылып, палатага жиберилди. Коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган корутунду чыкпай жатып, сынга да алына баштады. Комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков кол коюудан баш тарткан. Алар да, айрым укук коргоочулар да жыйынтыкка нааразы. Алардын бири укук коргоочу, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова. Ал Кой-Таштагы окуя тууралуу укук коргоо жетекчилеринин айткандары менен корутундудагы маалыматтар таптакыр дал келбесин айтат.

– Чолпон Идиновна, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча чыккан комиссиянын корутундусу боюнча эмне айта аласыз?

– Комиссиянын жыйынтыгын алдым, окуп чыктым. Мен макул эмесмин, мени ынандырбаган бир нече жагдайлар көп экен. Убактылар, аракеттер боюнча дал келбестиктер толтура. 13-августта башкы прокурор, УКМК жана ИИМ башчыларынын маалымат жыйыны болгон. Алар башкача айтышкан эле, ал эми корутундуда таптакыр башкача жазылган. Кыскасы, баш айланат, түшүнүксүз. Комиссия мүчөлөрү ошолорду аныктап чыгышкан эмес. Атайылап бурмалашкан. Эң маанилүү күн – 7-августтагы окуя. Адам курмандыгы болгон күн. Ал күнү операцияга «Альфа» атайын кызматы эмнеге тартылды (?) деген суроого УКМК башчысы «биз алдын ала билгенбиз, Атамбаев атууга даяр турганын, ал жактагы адамдар куралдуу түзүмгө каршылык көрсөтүүгө даяр экенинен кабардар болгонбуз» дейт. Бирок, ага чейин «атайын операция эмес эле, Атамбаевди кармап келүү үчүн катардагы иш болгон» дешти.

– Бирок, ал күнү УКМК, ИИМ жетекчилери жана башкы прокурор да эмгек өргүүдө экени жана алар борбордо эмес экени айтылды. Мындай учурда жоопкерчилик кимде болуш керек эле?

– Маселенин баары ушунда жатпайбы. Укук коргоо органдарынын жетекчилери эмнеге өргүү алып, шаардан чыгып кетишкен. Борбордо булардын бири да жок болушкан. Эгер операция болорун алдын ала билишкен болсо, алар эмне жоопкерчилик алгандан качыштыбы? Ким координациялаш керек алардын ордуна? Бизде министр, укук коргоо тармагын көзөмөлдөгөн вице-премьер, коопсуздук кеңеши жана өкмөт башчысы бар. Комиссиянын корутундусунда алардын биринин да жоокерчилиги каралбаганы мени таңгалдырды. Баары бүдөмүк. Ушундай кызыкчылыктар менен корутунду чыга берсе, мындай окуяларда адам жоготуулар дагы болот. Мен энемин. Карапайым элдин балдарын, талоонго калган байкуш катардагы кызматкерлерди салып беришкени менин ачуумду келтирип жатат. Ишке зээн койбогон жетекчинин айынан, плансыз операция кыла турган маалда жетекчилеринин шаардан сырт жүрүшкөнү эмнени түшүндүрөт?
Биздин генералитеттерде офицердик уят-сыйыт деген калбаптыр.

– 8-августта Атамбаев колго түшүп бергенден кийин генерал Курсан Асановду кызматтан бошотуп, кылмыш ишин козгошту. Айдоочусун камашты. Бул мыйзамдуубу?

– Биз азыр Пайзылда уулу Дамирдин кызыкчылыгын коргоп жатабыз. Бул иш боюнча президентке, башкы прокурорго жаздым. Анткени, Пайзылда уулунун укугу одоно бузулган. Биринчи камалган күнү ага 12 саат бою адвокатты жолуктурушкан жок. Бул убакытта ага кысым кылышты. Курсан Асановго карата көрсөтмө берүүгө көндүрө албай кыйнашты. Бул – кыйноонун дал өзү эмей эмне?! Атайылап каралоо менен адамды эки айга камап, ага психологиялык басым кылып, кыйнап жатышканы одоно мыйзам бузуу да. Жазып эле жатабыз, чуркап эле жүрөбүз. Эки айдан бери жооп ала албай келебиз. Мен ойлоп калдым, биздин жетекчилер карапайым элдин балдарын кызыкчылыкка колдонуп, камап салып, өздөрү суудан кургак чыгып жүрө беришеби? Биз оңолбойбуз мындай кетиште.

Дария Байкелова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: