Menu

Жумабеков мурдагы спикер Тагаев сыяктуу эле сабатсыз “куурчактын” образында

Бөлүшүү:

Коомчулукта спикер Дастан Жумабековдун «Франк-фурт жана Маяне» деп «балп» эткизгени кызуу талкууну жаратты. Германиядагы, Майндагы Франкфурт катары эле айтса болбойт беле? Эң жөнөкөй гана сөздөрдү бурмалап, билим деңгээлинин төмөндүгүн, ой жүгүртүүсүнүн тайкылыгын көрсөтүп атканы ушулбу? Эске салсак, буга чейин да Дастан Жумабековдун кат сабаты жоюлбаганы, өкмөткө жөнөткөн бир барак кагазы «кызыл-жаян» ката экени, сүйлөгөн сөздөрүнүн кемтиги сынга алынып келген. Оңолбөй койду. Анан калса, дагы бир ынанымсыз сүйлөгөнү көпчүлүкгүн кыжырдануусун жаратты.

– Бүгүнкү күндө ички иштер министри «кылмыштуулук катталган жок, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз» деп айтпадыбы, мен ага кошулат элем.

Эгерде болсо, ишкерлерди, инвесторлорду уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү барып бизнесин тартып алса, салык салса же тоносо, ошондо уюшкан кылмыштуулук катары айтмакпыз, -деп билдирди Жумабеков.

Көчөдөгү бекерпоз минтип сүйлөсө бир жөн, төрдө отурган спикер ушинтип тантырап атса, жакаңды кармайт экенсиң. Буга чейин бизнесмендерди уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өлтүрүп атканы, акчаларын тартып алганы, чак түштө борбордогу банктын тонолгону, көчөдө атышып атышканы карандай факт болуп атса, бул асманда жүргөндөй сүйлөйт го? ИИМге ишенген мээ чөйчөгүндө мандем жокпу? Же бир туугандары Кашкар Жунушалиевдин кол астында иштесе эле көзүн май басып калабы? Ушунчалык пастыкка, караңгылыкка кантип түштү? Айтор, Дастан Жумабековдун ар бир кадамы күйбөгөн жериңди күл кылып, эл астында шылдың болуп атса да креслосунда мыкырайып отурат. Акыл-эстүү башка адам болгондо, балким төрдү таштап кетет беле?.. Бул баягы «Акжолдун» спикери Айтибай Тагаевден да ашып түштү окшойт, ал кишинин сабаты начар болчу, бирок мынчалык мазакталган эмес да. Жалпысынан алганда, окшош «куурчактар» катары сыпаттасак болот. Бийлик үчүн Жумабековдун эмнеси аба-суудай керек болуп атты экен? Түшүнүү кыйын… Эл барган сайын чыңалып, нааразы болуп атат…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: