“Бишкектин чок ортосунда турган, 2010-жылы өрттөлүп кеткен КР Генпрокуратурасынын имаратын бизнеске бериш керек. Анын акысына бизнес бир чоң стадион куруп берсин. Өкмөттө стадион курганга акча жок, бизнесте акча бар. Ошондой эле Ысык-Көл мейманканасынын артындагы 3 гектар жерине Өкмөт үйүн куруп, ошол жакка өкмөттү көчүрүш керек. Ошондо ал тарап административдик борбор болуп, “центр” “деловой” борбор болуп калат. Борбордогу унаа тыгындар азаят. Өкмөт үйүн курганга бюджетте акча жок, ошондуктан борбордогу эски имараттарды бизнеске берип, анын акысына Өкмөт үйүн курдуруп алуу керек,”- деп билдирди бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Экмат Байпакбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ