Menu

Бишкекте «Биз тумчугуп баратабыз!» деген акция өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өтүп жатат. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылып жатышат. Акциянын катышуучулары беткап тагынып алышты.

Уюштуруучулардын айтымында, кийинки апталарда Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: