Menu

Нурлан Омошев, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын пландоо бөлүмүнүн орун басары: “Бизде көмүрдүн чыккан жериндеги баасы – 1 тоннасы 1330 сомдон сатылат”

Бөлүшүү:

«Аймактарда жана шаарыбызда көмүрдүн кандай түрлөрү бар жана кай жактыкы сатылат? Баасы туруктуубу?» деген суроолор менен «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын пландоо бөлүмүнүн орун басары Нурлан Омошевге суроо узаттык:

– Бизге негизинен кай жактын көмүрү келет жана сапаты кандай?

– Азыр негизинен көмүр Кара-Кечеден, Миң-Куштан келет.. Анан Казакстандан шабыркүл, кара-жыра көмүрлөрү келип жатат. Жалпы республика боюнча бир жылга 2,5 млн. тонна көмүр келет. Бишкек ТЭЦине 1 млн. 140 миң тонна келет. Бүгүнкү күндө бюджетке караган мекемелер үчүн 176 миң 795 тонна көмүр келип түштү. Калкка болсо 761 миң 142 тонна келди. Көмүрдүн негизги бөлүгү Кара-Кече көмүр кенинен келет.

Учурда толук кандуу иштеп жатабыз. Кара-Кечеде 240 миң тонна көмүр казылып турат. Жүктөп келгенге баардык шарттар даяр. Аны менен катар эле топурак ташуу иштери жүрүүдө. Көмүрдү казыш үчүн топурак ташып, тазалоо иштерин жүргүзүү керек.

– Көмүрдүн бул жылкы баасына токтолсоңуз?

– Баасы Бишкек шаарында 1 тоннасы 3750дөн 3950 сомго чейин сатылып жатат. Өткөн жылкыга салыштырсак, анда күн жылуурак болуп, мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу баасы төмөнүрөөк болгон. Быйыл деле ошондой суммада үзгүлтүккө учурабай келүүдө. Бизге келген маалымат боюнча Садыгалиева, Мурманский көчөлөрүндө 25 КамАЗдай көмүр сатылбай турат.

– Беш-он жылга салыштырмалуу көмүр жагуу көбөйүп жатабы?

– Көмүр жагуу жылдан жылга көбөйүүдө. Өткөн жылы мисалы, 450 миң тонна көмүрдү Кара-Кече көмүр кенинен казганбыз. Бул жылы андан 100 миң тонна көбүрөөк көмүр казылды. Негизинен Кара-Кече менен түндүк регионун камсыздайбыз. Түштүктү ал жактагы ишканасы камсыздайт. Кара-Кечеден келген көмүрдүн кубаттуулугу 4600дөн 8000ге чейин. Миң-Куштун көмүрүнүн сапаты начарыраак. Ошондуктан эл көмүрдү көп алганда чоң-чоң топ базалардан сатып алса болот.

– Базарларда мүшөктөп сатылган көмүрдүн каптары кичирейип, баасы көтөрүлүп жатканы маалым болууда?

– Мүшөктү биз чыгарбайбыз. Ал базардагы соодагерлердин иши болууда. Биздин милдет – элди үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо. Баасы канчадан сатылып жатканын антимонополдук кызмат көзөмөлдөйт. Бизде көмүрдүн алгачкы чыккан жериндеги баасын алсак, 1 тоннасы 1330 сомдон сатылып жатат, бир сом дагы кемибей, кошулбай ошол баада сатылат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: