Menu

Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри: “Кой-Таштагы окуяда көз жумган Үсөнбек Ниязбековго ок Атамбаевге таандык мылтыктан атылган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-декабрда, Жогорку Кеңеште 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулду. Жыйынга премьер-министр М.Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып, суроо-жооп болуп, көп адамдардын аты аталып, бети ачылды.

Жыйынга катышкан ИИМ министри Кашкар Жунушалиев депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып, Кой-Таштагы окуяда «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго ок Атамбаевге таандык мылтыктан атылганын айтты. “Үсөнбек Ниязбековго ок Атамбаев СВД снайпердик винтовкасынан чыккан. Тергөөнүн негизинде аны ким атканы такталган. Бирок тергөө үчүн айта албайбыз“,- деди К.Жунушалиев.

Ал эми министрдин орун басары Памир Асанов да аны тастыктап, полковник Үсөнбек Ниязбеков «Карабин СВД» куралынан атылган октон көз жумганын, ал боюнча тийиштүү баллистикалык экспертиза чыкканын билдирди. “Баллистикалык экспертиза чыкты. Бул экспертиза боюнча видеотасмада Курсан Асанов кармап турган «Карабин СВД» куралынан ок атылган”,-деди.

Эске сала кетсек, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: