Menu

Чуу жараткан кызыл баштыктын ичинде эле болгону айтылды…

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 12-декабрда, Жогорку Кеңеште 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулду. Жыйынга премьер-министр М.Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып, суроо-жооп болуп, көп адамдардын аты аталып, бети ачылды.

Депутат Урматбек Самаев чуу болгон кызыл баштык тууралуу сурады.«Чуу жараткан кызыл баштыкты таптыңарбы? Ичинде эмне бар экенин аныктадыңарбы?», – деп сурады депутат.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев аталган баштык табылганын, ичинде Алмазбек Атамбаевге таандык документтер жана башка буюмдар болгонун, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат бере албай турганын билдирди.

Эске сала кетсек, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: