Menu

Чуу жаратып, дуу болгон кызыл баштыктын ичинде эмне болгону айтылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-декабрда, Жогорку Кеңеште 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулду. Жыйынга премьер-министр М.Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып, суроо-жооп болуп, көп адамдардын аты аталып, бети ачылды.

Депутат Урматбек Самаев дуу болгон кызыл баштыкка кызыкты. «Чуу жараткан кызыл баштыкты таптыңарбы? Ичинде эмне бар экенин аныктадыңарбы?», – деди. Ага аскер прокурору Нуркамал Набиев жооп берип, кызыл баштык табылганын, ичинде Алмазбек Атамбаевге таандык документтер жана башка буюмдар болгонун айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат бере албастыгын билдирди.

Эске сала кетсек, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышуу болуп, полковник Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Чүй ОИИББнин жетекчиси Самат Курманкулов башынан жабыркап, ооруканага жеткирилип, эки жолу операция болгон. Бир топ адамдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтада калган.

Эртеси, 8-августта Атамбаев кармалган. Тагырагы, андагы ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндөн кийин, колго түшүп берген. Ал боюнча К.Асановго «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген айып коюлуп, кызматынан бошотулуп, ага Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголуп, сотто бөгөт чарасы каралып, үй камагында болуу чечим чыккан. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Ал эми социалдык тармактарда: “Асанов Атамбаевдин кызыл баштыгы үчүн кызматтан алынды”,-деген кептер тарап, кызыл баштык кызуу талкууга түшкөн. Ал боюнча Башкы прокуратура маалымат тараткан. Анда Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу К.Асановдун 22 жаштагы баласы Мухаммед-Али Асановго берилгени, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине берилгени айтылган. Бул иштин негизинде, Дамирбек Пайзылда уулу камакка алынып, Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Курсан Асанов өзүнө жана баласына коюлган дооматты четке кагып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: