Таш боор аялдын видеосу бүгүн, 12-декабрда социалдык тармакка тарады. Анда ал кызын башка чаап, баласынын бетинен чоюп, ургулап камерага жакындатып: “Чакыр атаңды! Мени уруп атат де!”,- дейт. Наристе: “Ата, кел, мени уруп атат”, – дейт. Жүрөгүң ооруйт. “Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала” деген ушу да…
Бул аялды күйөөсү таштап кеткенби же башка бирөөгө кетип калганбы, ким билсин?! Күйөөсү экөөнүн айынан күнөөсүз, эч нерседен кабары жок балдар эмнеге таяк жеши керек? Бул окуя кайда болгон жана бул кайсы таш боор аял? Таап, жоопко тарталы. Балдарды урганга кандай акысы бар?
https://www.facebook.com/chin.chuk.9/videos/164247854821213/
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ