“Кургак учук оорусу менен ооруган балдарды дарылоо боюнча республикалык борбордо 120га чейин бала дарыланат. Бул оорукана 1937-жылы уюштурулган, ал эми 1957-жылы 36 гектар жер бөлүнүп берилген. Бирок 2005-жылдан тартып, бул балдар ооруканасынын жерине көз арта башташкан. 2012-жылы премьер-министр Бабановдун колу менен балдар ооруканасынын 9,5 гектар жерин уурдап алышкан. Мындай аракеттер дагы эле уланып келе жатат. Ошондуктан мен Өкмөттөн мындай өз билемдикти токтотууну талап кылам”, – деп билдирди бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Евгения Строкова.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ