Menu

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун  Бириккен Араб Эмираттарына расмий визити

Бөлүшүү:

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен 2019-жылдын 11-12-декабрында расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарында болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын расмий визити курман болгон жоокерлердин Мемориалына (Абу-Даби шаары) гүлчамбар коюу менен башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба, жарандарды социалдык коргоо жаатында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков визиттин алкагында ошондой эле БАЭнын Вице-президенти, Премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум,  Абу-Даби жана Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр, БАЭнин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин БАЭге расмий визитин ошол өлкөдө жашап жаткан мекендештери менен жолугушуусу жыйынтыктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке бүгүн, 13-декабрда таң эрте кайтып келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: