Чыныбай Турсунбеков “төө чечме” кыргыздын каада-салтында бар нерсе деп, аны китептер менен далилдөөгө аракет жасады. Бирок “төө чечме” кыргыздын каада-салтында барын аныктоодон мурда, “каада-салт” деген сөздөрдүн маани-маңызы эмнеде? Ошону талдап көрүү керек го?.
Салт – бул эреже. Эл мына ошол көп кылымдардан топтогон салт-эрежесине ылайык турмушун жүргүзөт, турмуштагы ар кандай иш-аракеттерин жасайт (той-топур, аш берүү ж.б.).
Каада – ритуал. Салтты аткаруудагы кыймыл-аракет. “Каадаланып калыптыр”, “каада күтүп калыптыр” “калыңсыз кыз болсо да каадасыз кыз болбойт” деген макал, сөздөр аны тастыктап турат.
Ал эми “төө чечмейди” салттык оюн деп айтканга да болбойт. Аны бир “кылык-жорук” деген туурадай.. (Азыр ошондой иштер жасалса, сөзсүз “жоруктар” кодекси боюнча чара көрүлөт).
Чыныбай Турсунбеков музейдеги жылаңач аял жаңжалын жумшартуу, Отунбаева жана анын айланасындагыларга (Текебаев, Жангарачева ж.б.) “мен силер мененмин. АШАдан кол үзгөнмүн” деп белги бериш үчүн “төө чечмейди”айтып чыга калды.
Натыйжасы өтө тескери болду…
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ