Menu

Мамкомиссиянын ишинин жыйынтыгын угууда Кой-Таш окуясындагы айрым жагдайлар такталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеште 2019-жылдын 7-8- августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү, күч органдарынын жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков комиссиянын иликтөөсүнүн корутундусунда ИИМ жетекчисинин орун басары Курсан Асановдун эмгеги тескери баалангандыгын, ошол эле маалда күч органдарынын жетекчилеринин иш-аракеттери бааланбагандыгын сынга алды. Депутат Зиядин Жамалдинов Кой-Таштагы окуяда К.Асанов болбосо дагы кан төгүүлөр болуп кетиши мүмкүн болгондугун айтып, Асановдун иш-аракети туура бааланышы керектигин билдирди.

Депутат Бактыбек Турусбеков бул окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ички иштер министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчиликтери каралып-каралбашына кызыкты. КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кызматтык иликтөөлөрдөн кийин алардын жоопкерчилиги карала тургандыгын айтты.

Депутат Аида Касымалиева экс-президент А.Атамбаевдин үйүнө “Альфа” атайын бөлүгү маска менен кирүүгө укуктуулугун тактап, алар өздөрүн тааныштырганбы деген суроону койду. УКМКнын тергөө кызматынын өкүлү алгач атайын бөлүк дарбазаны такылдатканы, ачылбаган соң дарбазаны ачууга дубалдан секирип түшкөндүгүн маалымдады. УКМК төрагасы О.Опумбаев А.Атамбаевди тергөө органдарына мажбурлап алып келүү боюнча даярдык иш-чаралары маселесинде мүчүлүштүктөр болгондугун, атайын бөлүк жарандарга ок атпагандыгын белгиледи.

Депутат Кубанычбек Нурматов Кой-Таш окуясында күч органдарынын жетекчилери өз милдеттерин аткаргандыгын айтып, алардын баарына укуктук баа берүү туура болбой калат деген пикирде.

Жыйын жүрүшүндө Кой-Таштагы экс-президент А.Атамбаевдин үйүндө канча курал-жарак болгондугун, алардын канчасы, А.Атамбаевге, канчасы укук коргоо органдарына таандык экени, окуяда канча жаран жаракат алгандыгы сыяктуу жагдайлар такталды.

Суроо-жооп жүрүшүндө күч органдарынын жетекчилери Кой-Таштагы окуяда атайын бөлүктүн 6 жоокери барымда кармалгандыгын айтып чыгышты. Ал эми Кой-Ташта окуяда катышкан депутат Ирина Кармушкина жоокерлер барымтага алынбагандыгын, аларды жаалданган элден сактап калышкандыгын, алып кетүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылышкандыгын, бирок ага реакция болбогондугун билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: