Menu

Видео – Темирбек Асанбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери: “Биз бүгүн шайлоо процессин талкуулабайбыз жана мамлекеттин да катачылыгын айтпайбыз…”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда, Спорт ортосунда «Мекен ынтымагы» партиясынын 10-курултайы өтөт. Жыйынга жети облустан аталган партиянын мүчөлөрү келишти.

Курултай башталаардын алдында «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен учкай маек курдук. “Биз парламенттик шайлоого аттанганыбызга он жыл болот. Алгачкы аттанганыбызда ак ниет менен аттанганбыз, ошол багыт менен эле дагы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого аттаганы турабыз. Эми эптеп парламентке өтүүнү көздөбөйбүз. Биз саясий атаандаштарды бири-бирине кайраштыргандан алыспыз, ар бир ишке калыспыз. Биз бүгүн шайлоо процессин талкуулабайбыз жана мамлекеттин да катачылыгын айтпайбыз, биз көпчүлүктү терең ойго салып турган социалдык-экономикалык маселени илимий жолу менен чечүү багытын курултайды өткөргөнү жатабыз. Биз кызыл кандуулукка алдырып, аша чаап, жаңжал чыгаргандан алыспыз жана элди да сабырдуулукка чакырат элем. Себеби, биз бир элбиз, кыргыздын баласыбыз, чогуу, акыл-эс, ынтымак жолу менен чечишибиз керек”,-дейт Т.Асанбеков

Ошондой эле Асанбеков президент Сооронбай Жээнбеков, мурунку президент Алмазбек Атамбаев, парламент жана парламенттик шайлоодогу парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чек көптүк кылбасын айтты.

Темирбек Асанбековдун айткандарын төмөндөгү тасмадан көрсөңүз болот:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: