Бул тууралуу 13-декабрда Атамбаевдик КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, депутат А.Кодунарова бүгүн ИИМдин тергөө кызматына барып калышы керек.
Эскерте кетсек, кечээ экс-депутат Равшан Жээнбеков сурактан кийин камакка алынган эле.
Депутаттар А.Кодуранова менен И.Карамушкина 7-августта Атамбаевдин үйүндө жоокерлерди барымтага алуу боюнча шектелип жатышат. Соттун чечими менен экөө тең үй камагына чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ