Menu

Президент С.Жээнбековдун басма сөз катчысы Т.Стамалиева «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» медиаресурстарынын эсептери камакка алынганы боюнча түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

“Бардыгыбызга белгилүү, Кыргыз Республикасынын президенти сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомду колдоп келет.

Өлкө башчысы бир нече ирет бул жөнүндө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда айткан, жергиликтүү жана чет элдик басылмаларга берген маектеринде дагы билдирип келет. Президент өз оюн өзгөртпөйт, дал ушул факторлор өлкөнүн өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт.

Мындай учурда өлкө башчысы кандай мамиле кылбасын, коомчулук аны сот териштүүсү менен сот чечимине басым жасоо катары аракет катары кабыл алышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинен медиага карата дагы, бир гана укуктук талаанын чегинде жүрүшү зарыл.

Ошого карабай, мындай факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин жар салып келген Кыргыз Республикасынын президентинин аброюна гана сокку урбастан, бүтүндөй демократиялуу өлкөбүзгө шек келтирерин билдирип кетебиз”. – деп президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын түшүндүрмөсүндө айтылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

43 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: