Menu

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Буга чейин Кумтөрдө 66 кыргыздын жараны өлдү. 129 адам майып болду, кыргыз бийлиги Кумтөрдүн жетекчилеринин бирөөнү дагы жоопко тарткан жок”

Бөлүшүү:

– Кубанычбек Сатиндиевич, көптөн бери көрүнбөй калдыңыз да?

– Мени 2010-жылдан бери бийлик тараптуу КТР, ЭлТР, Пирамида телеканалдары жана гезиттери бүгүнкү күнгө чейин чыгарбайт. Ошондон улам көрүнбөй калып жатсам керек да.

– Сиз соттошуп жүргөн Кумтөрдө абал чатак, көчкү болуп эки кыргыз жаранынын дайыны чыкпай жатат. Мындан кийинки абал мындан да коркунучтуу болушу мүмкүнбү?

– Кумтөрдөгү абал боюнча канча жолу талашып-тартыштым. Абал ушундай болоору башта эле айтылган. Биз кыргыз эли ата- бабаларыбызга ыраазы болушубуз керек, ушундай бейиштин төрүндөй болгон жерде жашап калганыбызга. Ошол эле маалда табигатыбызды, экологиябызды сактап калбасак, биз келечекте жаш муундарга эмне деп жооп беребиз?! Баары мактанып калышат, Менделеевдин таблицасынын баардыгы Кыргызстанда бар деп. Мурунку Президент дагы, азыркы бийлик дагы аны айтып келет. Ошол эле маалда жер байлыгы Конституция боюнча жазылгандай мамлекеттин жана элдин байлыгы болуп бүгүнкү күндө эсептелинеби же жокбу? Мамлекеттик бюджетти толтура турган эң ири тармак десек, анда эмне үчүн жеке менчикке жана чет элдиктерге берип салганбыз? Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тоо кендерин Израиль, Канада, Англия, Америка, Кытай, Россия, Казакстан, Турция жана башка мамлекеттердин ар кандай өндүрүшчүлөрү өздөштүрүп, түшкөн негизги пайданы алып кетип жатышат. Биздин Өкмөт ортомчул «Кыргызалтын» акционердик коомунун ордуна улуттук тоо-кен өндүрүш бирикмесин түзсө болбойбу? Бул түздөн-түз Өкмөттүн иши да. Мамлекетибиздин жер байлыгын өзүбүздүн ишкана өздөштүрсө канча жумуш орду пайда болот эле, түшкөн пайда бюджетибизди толтурат эле, экологиябыз сакталып, бир топ үй-бүлөлөр багылат эле. Коррупциянын эң негизгиси ушул тоо-кен тармагында болуп жатпайбы. Дүйнөдөгү эң ири алтын кендеринин бири Кумтөр экени баарыбызга маалым.

Ал жердеги ызы-чуулуу мыйзам бузуулар, коррупциялык иштер, өлүм-житимдер, жаратылышыбыздын экологиясынын бузулушу жана башка терс көрүнүштөр өлкөбүздөгү башка жерлердеги ири кендерди өздөштүрүүгө дагы терс таасирин, залалын тийгизүүдө. Бюджет тешик болуп жатат деп баарына макул боло берсек, эртеңки күнүбүз кандай болот? Муну ойлонушубуз керек да. Табигатка канчалык таш боорлук менен мамиле кылсак, табигат ошончолук жообун берет эмеспи. Биздин эч кандай акыбыз жок, бүгүнкү күнү табигатыбызды талкалаганга, бүлдүргөнгө, талап-тоногонго мүмкүнчүлүк бергенге. Ата-бабаларыбыз дагы, Кудай дагы муну кечирбейт. Эмне үчүн Кумтөрдө ушул күнгө чейин ошол эле селитраны алып келип, жардырчу заттарды кошуп, өндүрүштө жардыруу ыкмасын колдонуп жатышат, орусча айтканда «буровой метод» эмес? Мурунку Жогорку Кеңеш менен Өкмөт, Президент А. Атамбаев баш болуп мөңгүлөрүбүздү дагы бекер эле берип салышты. Ал эми кыргыздын жөнөкөй жараны 5 сотых жерин сугаргандыгы үчүн сууга төлөйт. Кумтөр болсо бүгүнкү күнгө чейин миллиондогон куб сууну колдонгондугу үчүн бир дагы тыйын төлөбөйт. Дагы кандай кылыктарды айтып күйөсүң!

— Буга чейин да Кумтөрдө 60тан ашык кыргыз жараны өлгөнүн айтып келдиңиз эле. Бул жолу да иш ушул боюнча жабылып калышы мүмкүнбү?

– Кумтөрдө азыр эки кыргыздын жараны табылбай жатат. Ошолорду издеген, мисалы МЧСтин чыгашаларын Кумтөр төлөп жатабы же жокбу? Бул кендин тарыхында 66 кыргыздын жараны ар кандай себептер менен өлдү. 129 адам майып болуп калды. Ал иштер боюнча укук коргоо органдары иш козгоп, Кумтөрдүн жетекчилеринин бирөөнү дагы жоопко тарткан жок. Бул маселелерди кээ бири ойлошу мүмкүн, эмне үчүн Исабеков өз убагында чечкен эмес деп. Биринчиден экономика, чарба иштерин Өкмөт алып барат, Жогорку Кеңеш болсо мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелинет. Ошол эле маалда мен айтаар элем, Жогорку Кеңеште иштеп турганда жана андан кийин дагы Кумтөр менен, Кыргыз Өкмөтү менен 45 жолу соттошком. Мамлекеттин пайдасына акцияларынан баштап, салык түрүндөгү жүздөгөн миллиондогон каражаттары түшкөн. Бир топ жапа чеккендердин компенсациясы төлөнгөн. Кумтөрдөгү иштеген миңдеген жумушчулардын айлыгы (бийик тоолуу коэффициенти) 2,4 эсеге көтөрүлгөн. Көп жылдардан бери төлөнбөй келе жаткан оорукчалдардын баракчасы төлөнө баштаган жана башка көп маселелер чечилген. 2011-жылы «Күмтөрдөгү алтын мафия» деген документалдуу китебим жарык көргөн. Өкмөттүк эмес бир топ ММКда сын, сунуш, пикирлерим чыгып жүрөт. Кандай болсо дагы алтындан дагы кымбат кыргыз элибиздин ден-соолугу жана келечеги экенин унутпасак. Жер байлыгы элибиздин жана мамлекетибиздин байлыгы болушу керек эле. Бул маселелерди чечиш үчүн биздин Өкмөт улуттук концепцияны иштеп чыгууга милдеттүү.

Кыргыз Өкмөтү тийиштүү органдардын кызматкерлерин техникаларды бөлүп, күйүүчү май, жатаканасын, тамак-ашына чейин төлөп берип, дайынсыз жоголгон кыргыздын эки жигитин Кумтөрдө издеп жатат. Эки жараныбыздын үй-бүлөсү, жакын туугандары кандай абалда болуп жатканы баарыбызга белгилүү да. Кумтөрдүн жетекчилиги эмне иш кылып жатат болду экен, же уктап жатабы?-деген суроо менде пайда болууда. Алар жоопкерчиликке тартылат болду бекен же эркин каалаганын кылып жүрө береби? Мурун ошол жерде адам өлгөн учурда дагы бирөөгө кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган эмес. Бул жолу дагы “Ой кыргыздар, өзүңөр билгиле” деп коюп, алтындын каймагын калпып кете беришеби? Буга чейин эле Техинспекция техникалык коопсуздукту бузуп жатасыңар деп эскертме берген деп маалымат каражаттарынан айтылып жатат. Андай болсо жетекчилери ишти токтотуп, коопсуздукту ойлошкон эмес.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: