Menu

Фото – Анкара шаарындагы Ч.Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-декабрь күнү Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп ѳттү. Эстелик  Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиорен Мэриясы тарабынан жасатылып, тургузулду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш чарага Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин Мэри Тургут Алтынок, Анкарадагы Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу Элчилер, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн  өкүлдөр, кыргыз жана түрк студенттери, Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев, Түркиянын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин Мэри Тургут Алтынок жана Кечиорен муниципалитетинин Акими Угур Булут саламдашуу жана улуу жазуучуну эскерүү сөздѳрүн сүйлѳштү.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев өз сөзүндө Ч.Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш чарага активдүү катышкан баардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиорен муниципалитетинин Мэрине жана скульпторлорго терең ыраазычылыгын айтып ѳттү.

Айтматов сүрөткер, ойчул жана адабияттын көрүнүктүү ишмери катары биздин замандын эӊ улуу жазуучуларынын бири экендигин баса белгилеп, иш чара дагы бир жолу Айтматовду баардыгыбызга эскертти деген ишеничин билдирди.

Иш чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: